www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Талас облусунун тургундарын мактады

Президент Сооронбай Жээнбеков бир топ убакытка чейин аймакка коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө тоскоол болгон Талас облусунун жашоочуларынын катуу тартиби жана жоопкерчилигине жакшы баа берди.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, президент Талас облусуна иш сапары менен барган.

«Биргелешкен аракеттер менен вирустун жайылышын алдын алуу үчүн бардык аймактарда натыйжалуу чараларды көрүү керек», - деди ал.

23-июлга карата Талас облусунда 840 адамдан коронавирус инфекциясы менен пневмония аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости