www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин билдирүүлөрүндө жана Элчини бир катар себептер менен, анын ичинде ал тараптан кеткен катачылыктарга байланыштуу кызматынан бошотуу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунда келтирилген фактыларды терең талдоону тапшырды.

Элчинин, кийинчерээк ТИМдин билдирүүлөрүнөн кийин түзүлгөн кырдаал дипломатиялык кызматта гана эмес, жалпы эле мамлекеттик кызматтын тутумунда бир катар маселелерди аныктагандыктан, Президент Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынан ар бир фактыны жана жүйөөнү обьективдүү талдап чыгып, бул ишке тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартууну талап кылды. Текшерүүнүн жыйынтыктары жана сунуштар Мамлекет башчысына берилет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости