www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп 14-октябрд Айова штатында шайлоо өнөктүгүн улантып, митинг өткөрдү. 2016-жылкы президенттик ат салышта Трамп бул штатта жеңген. Бирок салттуу түрдө республикачыларды колдогон Айова бул ирет демократтардын талапкери Жо Байденге ооп бараткандай.

«20 күндөн кийин биз бул штатта жеңебиз», - деди Трамп жергиликтүү аэропортто чогулган элге кайрылып. Көбү беткапсыз, социалдык аралыкты сактабай турду.

Коронавирус АКШда 216 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды, сегиз миллиондой киши COVID-19га чалдыкты. Президент өзү жана аялы да вирусту жугузуп алып айыгышкан. Шаршембиде биринчи айым Мелания Трамп 14 жаштагы уулу Баррон да ооруп калганын билдирди.

Ал эми атаандашы Байден үгүт өнөктүгүнүн алкагында көп эл чогултуп, эч кандай чоң жыйын өткөргөн жок. Анын ордуна бир катар онлайн иш-чараларды уюштуруп, америкалык мусулмандарга алдын ала жаздырылган кайрылуу жасады.

Президенттикке талапкерлер 15-октябрда экинчи дебат өткөрүшмөк. Трамп коронавируска чалдыккандан кийин бейтарап комиссия виртуалдык дебатты сунуш кылган, бирок президент аны четке каккан. Трамптын дарыгерлери жана башкы инфекционист Энтони Фаучинин айтымында, мамлекет башчы айыкты жана илдетти башкаларга жугуза албайт.

Шайлоо 3-ноябрда өтмөкчү, бирок 15 миллиондой киши алдын ала же почта аркылуу добуш беришти. Көбү шайлоо күнү эл көп болуп, коронавирус жугузуп алуу коркунучунан чочулап турат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости