www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 3-4-майда Ысык-Көл облусунда жумуш сапарында болду. Жумуш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Тоң жана Ысык-Көл райондорунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты президент басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда жергиликтүү тургундар негизинен транспорт жана инфраструктуралык, социалдык объектилердин курулушу, калкты иче турган таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылуу, ирригацияны өнүктүрүү, жерлерди трансформациялоо, мамлекеттик жана укук коргоо органдарындагы коррупция, туризмди жана ишкерликти өнүктүрүү маселелерине, социалдык камсыздандыруудагы, экологияны сактоодогу, кадр тандоо ишиндеги, жол коопсуздугун камсыз кылуудагы көйгөйлөргө байланыштуу маселелерди козгошту.

Бардык суроолорго Президент жана Мамлекет башчысы менен бирге жолугушууга катышкан министрлер, ведомстволордун жетекчилери жооп беришти.

Андан тышкары, Мамлекет башчысы «Кыргыз Республикасынын ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун тушоосун кести, Тоң районундагы Ак-Өлөң каналын реконструкциялоо долбоору жана Ысык-Көл районундагы суткалык жөнгө салуучу суу көлмөсүнүн курулушу, ошондой эле Балыкчы-Тамчы-Корумду автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости