www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров кытай жарандары Кыргызстанга чоң долбоорлордун курулушу үчүн келип жатышканын айтып, элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы Бишкекте "Алтай" шаарчасынын курулушунун башталыш аземине катышкандан кийин билдирди.
Чогулган адамдардын суроосуна жооп берген Жапаров кытай жарандары өлкөдө завод, темир жол, жол куруп жатканын айтты.
"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулуп бүткөндөн кийин, 2030-жылдан баштап биз дүйнөгө чыгабыз. Кытай экономикалык бир океан болсо, дүйнө жүзү өзүнчө бир экономикалык океан.
Экөөнүн ортосунда турганыбызга сүйүнүшүбүз керек. Эки океанды бириктиребиз дагы 2030-жылдан баштап дүйнөлүк экономикага таасир тийгизе баштасак болот. Биздин таасир берүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз пайда болот. Ошону туура түшүнүп, балдарыбызга, жаштарыбызга айткыла. Жакында шайлоо келе жатат чагымчылдыкка алдырбайлы. Шайлоо таза, тынч өтөт. Биз жасалма шайлоо өткөрбөйбүз. Ошондон колдонуп калалы деген күчтөр — өлкөнү кытайлыктар басып кетти деп жатышат. Алар бизге басып алайын деп келишкен жок. Завод, жол, темир жолдорду куруп жатышат. Бизге булар аба менен суудай керек. 30 жыл “туюк” мамлекетте жашап келдик. Эмне кылышыбыз керек, өмүр бою үңкүрдө жашагандай жашай берелиби?"- деди президент Жапаров.