www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин басма сөз катчысы чет өлкөлөргө чыгуу үчүн жаңы учак сатып алуу боюнча маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, учак чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланылат.
«Урматтуу достор, өзүңүздөр билгендей, кыргыз делегациясы Нью-Йорк шаарындагы Бириккен улуттар уюмунун Жалпы ассамблеясынын 77-сессиясына катышып, Кыргызстанга кайтып келди.
Болуп жаткан окуялардын фонунда президенттин БУУнун Жалпы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги дебаттарына жеке өзү катышуусу боюнча чечим эң акыркы убакта кабыл алынды.
Мамлекет башчы дүйнөлүк бийик трибунадан дүйнө коомчулугуна чек арадагы кырдаалга байланыштуу чындыкты, объективдүү маалыматтарды, маселенин таржымалын жеткиргени туура деген бүтүмгө келди.
Бул иш сапар башталганда кызуу талкууланган теманын бири - президенттин учагы болду. Ушуга байланыштуу, айрым тактоолорду киргизип кетким келет. Жылдын башында сиздерге Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып алаарын билдиргем. АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келдик. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май үчүн төлөдү.
Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге алуу тууралуу макулдашылган. Учак «1-борт» катары чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланылат.
Бул учактын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учуу мөөнөтү дагы аяктаган. Азыркы учурда Bombardier Global Express XRS учагын лизингге алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек», - деп жазган Султанбаев.
Булак: NazarNews.kg