www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдон баштайлы: Атасы Нуркожо, Мусталый, Жапар, Көчкүн, Солтонкул, Алыбай, Бирназар, Алдаш, Белек, Жамангул, Мырзакул, Алсейит,  Орозбакты, Сарбагыш, Тагай, Агуул, Долон. Сарбагыштын мойну кылжыйып жүрүп Кылжыр атка конгон. Сарбагыштан Орозбакты, Дөөлөсбакты, Дөөлөсбактыдан, Манап, Сүтүке, Сүтөй, Сарысейит. Сарысейит бийден Үчүкө, Түлкү, Эрдене, Кудаян – төрт уул. Үчүкө убагында кыргыз элине башчы болуп туруп, иниси Түлкү баатыр экөө Жаңыл мырза колдуу болуп жаадан өлгөн. Сарысейиттин калмак байбичеси Түлкүнүн Даркан деген саруудан келген аялын кетирип, жалгыз Тынайын алып калат. Энеси кетип баратып бешиктеги Тынайга эмчектеги сүтүн саап ыйлап кеткен экен. Кийин Солтобай ырчы Тынайдын Шабданына  айтып жатпайбы:

 Акыңды алгын жөө тынай,
Айдап койгон таруудан.
Энчиңди алгын, жөө тынай,
Энеңди алгын саруудан.-деп.
Тынайдын биринчи аялынан Сатыбалды, Атаке баатыр, экинчи аялынан Сокур, Бекмурат, Арзыгул, Ырыскул – алты уул. Ушул жерден Канат Исаев таралат. Үчүкөдөн кийин кыргызга Кудаян хан болгон. Эрденеден тукум жок. Кудаян тукуму «тоголок» деп аталат.

Үчүкөдөн Маматкул, Дөөлөткул, Кудайберди. Дөөлөткулдан Надырбек, Бай, Кара Мурат, Аалы – жалпысынан «надырбек» уругу деп аталат. Карамураттан Кулкөтөн, Жапар, Үсөнбек, Акылбек. Акылбек Жапаров 2011-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болуп финансы министрлигин уучтаган.

   Ата-текти айта келгенде атаандаштар кайдагы бир жомокту чыгарышат. Азияда Чыңгызхандан кийин анын тукумдары кана хан боло турган. Бирок кыргыздар бул адатты бузушат, ак кийизге салып Тагай бийди хан көтөрүшкөн. Тагай бийден көп тукум калган, анын улуусу Сарбагыш. Сарыбагыштан Орозбакты, Дөөлөсбакты. Экөөнүн тең балдары мыкты чыккан, бирок сарыбагыш атка Дөөлөсбактынын тукуму конуп. Орозбактынын тукуму бугу атка конуп калат. Бул өзүнчө айтыла турган окуя. Орозбактыдан Алсейит, Тынымсейит. Тынымсейит Нарын тарапта өзүнчө чоң эл. Алсейиттин бир топ балдарынын ичинде Мырзакул андан Жамангул. Жамангул баатырдын уулу Белек Ысык-Көл элине хан көтөрүлгөнү тарыхта белгилүү. Белектин уулу Алдаш да санжыраларда бий болгону айтылып келет. Алдаштын уулу Бирназар да өз элинде бий болгонун өз кезегинде орус басма беттеринде жазылып калган. Тарыхый булактарга көз салып көрсөк, Садыр Жапаровдун чоң бабаларынын эң атактуусу, бугулардын манапы Бирназар бий жөнүндө орустардын 1890-жылдарда чыккан "Семипалатинские областные ведмости", журналында жазылган. Анда жазылгандай орустун этнограф изилдөөчүсү Аристов тээ 1785-жылдарда эле орустун дагы бир саякатчысы капитан Андреевдин бугунун манаптары менен жолукканын төмөндөгүдөй жазган. "мы встретились бугунский волось со старшиной Бирназар-бием... Этот Бирназар бий должен быть тот самый, который, который, по преданияем, слышанным г.фон Греном (1877) привел бугунцев на Иссык Куль из Ферганы после падение жунгаров",-деген. Ал кезде көлдүк бугулар орустарга кошула элек болгондуктан, бизде болуштук жок болчу, жөн гана журт башчылары болушкан. Садыр Жапаровдун бабасы Бирназар бий, көп балалуу, өтө кадыр барктуу адам болгон. Өз балдарынан тышкары, анын асырап алган балдары да көп болгон. Бирназар айтылуу чечен Тилекмат Акенин атасы адигине Жылкыайдарды да багып алып, аны жакшы тарбиялап өстүргөн.

Бирназар бий Көлдөгү эң атактуу инсандардын бири катары каза болгондо туугандары 2-3 айлап жол жүрүп, сөөгүн айтылуу Арсланбапка коюлганы айтылат. Мурун эл мыктыларын Арсланбапка алып коюу салт болуп калган. Ошентип Садыр Жапаровдун жотосу Бирназардын сөөгү Түштүккө коюлган. Ал өзү да калмак жапырыгы кезинде Түштүктө жашап, кийин күчтөнүп келип Ысык-Көл өрөөнүн калмактардан бошотууга жетекчилик кылганын ага жолуккан орус саякатчылар жазып калтырган.

Мына ушул сөөк коюудагы жол азабынан кийин Эсенкул баатыр журт башчыларын өз жерине коюлушун колдогон. Маматкулдун уулу Болот да акыркылардын ошол жакка коюлган. Анын этин шылып салышып, сөөгүн алып барып койгон Эсенкул баатыр: "Менин сөөгүмү Кочкорго койгула, менден кийинкилердин бардыгы өз жерине коюлсун" деген. Ошондон кийин журт башчыларынын, белгилүү инсандардын сөөктөрү өз жерлерине коюлуп калган.  Бирназардын уулу Алыбай да бий болуп, азыр анын урпактары Көлдө Алыбайлар деп аталат. Алыбайдын уулу Солтонкул өз кезинде Бугунун эң бай, нарктуу адамы болуп, санжыраларда миң жылкылуу Солтонкул аталып келет. Анын жылкылары Түп суусунан бир мезгилде ичкенде агып жаткан суу акпай соолуп калаары санжыраларда аңыз катары айтылып келет.

Солтонкул Алыбай уулу тууралуу да документтер да бар. Бул документте Ысык-Көлдөгү Бугу, Саяк урууларына болуштук башкаруу киргизилип, анын алгачкы болуштары, айыл старчындары дайындалган. Алардын арасында Солтонкул уулу Алыбай 1865-жылы Бирназар уругунун алгачкы болушу болгон. Солтонкулдун Сарыбайы тууралуу да уламыштар көп.

Бабасы Жапар 1916-жылы Үркүндө Кытай жергесине качып барган жана 1917-жылы каза болгону айтылат. Садыр Жапаровдун чоң атасы Мусталый да (1900-1988-жылдары жашаган) Үркүндүн оор азабын өз башынан өткөргөн. Садыр Жапаровдун ата-теги тууралуу анын атасы Мусталый уулу Нургожо ажы "Кыргыздын сыры санжыра" аттуу эмгегинде кеңири жазган. Андыктан анын ата-теги тууралуу санжыралык маалымат буга чейин эле белгилүү.

Садыр Жапаровдун тегин жерден чыкпаганы төмөнкү айткандар далил. Кыргыз элине эмне кааламакчыбыз. Ата-бабалар тегиз жашаган бизде башка кошуналар сыяктуу кастага бөлүнүп бири-бирин кодулоо болгон эмес. Ак кийизге салып татыктуу адамды бийлик башына алып келген. Жаңылбай татыктуу адамдарды таап алалы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости