www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президенттерди резиденциядан кетириш керек. Уялбай ошол жерде жашап, токочун жеп жатышат.  Мындай пикирди жазуучу Чолпонбек Абыкеев айтты.

--“Мамлекеттин ашынган байлыгы болсо, анда экс-макам алган президенттерге жеңилдиктерди берсек болмок. Мен Роза Отунбаева иштеп жаткан учурунда “сизди болгону 14 киши шайлады, бул мыйзамсыз. Президентмин дегениңиз туура эмес. Убактылуу милдетин аткаруучумун дегениңиз туура” десем, кабыл албай койгон. Ошондой эле экс макамын албай койсо  туура болмок. Азыр мына жаштар “кайсы арыңа алып жатасың?” деп жатышат. Ушул кептерди кантип чыдап угуп жүрөт. Отунбаева азыр пенсия алганы уят. Ага бул акча кеп эмес. Себеби, анын ашынган байлыгы, бизнестери бар ошолор менен деле жашамак. Андан көрө бул жеңилдиктерден баш тартып койсо, кыргыз элинин сыйына татымак.   

Ал эми Сооронбай Жээнбеков дагы резиденцияда жашап жүрөт. Булар мамлекетти гүлдөтүп, элди жыргатып кызмат кылгандай жүрүшөт. “Ошол жердин токочун жеп, акчасын алып жатат” деген сөз уятда. Мына жакында жаңы президент шайланат, ал жаш президент болуп калса өмүр боюу ошол жерде жашайбы? Баары резиденцияны ээлеп, мамлекетке күч келитиришүүдө. Андыктан кызматын тапшырган соң ал жерден кетириш керек.  

Жээнбеков өзү эле пенсиясынан, башка жеңилдиктерден баш тартып, “экс деген макамды эле калтыргыла” десе, эл азамат деп калат. Мамлекетибиз жарды болуп, эл кыйналып жатканда 100 миңдин тегерегинде пенсия алып, баарын бекер пайдаланып, мамлекетке чыгым келтирип жатышат. Ким кыргыз элин жыргатып, мыкты иштесе эл өзү эле баалайт”,-дейт Абыкеев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости