www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев: «Саясатчылар ит эле экен»

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев өзүнө карата айтылган айыптоолор боюнча жооп берди.

Ал учурда даарыланып жаткан жеке менчик ооруканалардын бириндеги биринчи палатадан билдирүү жасаган.

«Мен жөнүндө көптөгөн каралоорлор, «акча алып алган» менин абыр оюма шек келтирип, авторитетимди түшүрүү үчүн көп нерселерди айтып жатышат. Булар эми эмнеге антип жатышат.

Кыскасын айтканда, саясатчылар ит эле экен. Мен эч кимге душман эмесмин. Өз жумушубузду так аткарып жатабыз. Мына, кечээ эле эл аралык алдамчы болуп жүргөн адамды, бүгүн болсо министрдин орун басарын камадык.

Акыркы учурларда менин айланамда чагымчыл тараптар, бирөө менен касташтыргысы келгендер көбөйдү. Бирок, биз алдыда дагы болгон күчтү топтоп иш жүргүзөбүз. Силер мени колдоп тургула», - деген ал.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда «Кубанычбек Жумалиевден 160 миӊ доллар пара алган кызматкер, Сыймык Жапыкеевдин кишиси болуп чыкты» деген маалымат чыккан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости