www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапыкеев жеткен коррупционердин дал өзү. Бул тууралуу билдирүү бүгүн, 8-январда Facebook баракчасындагы «Даканса» тайпасына жарыяланды.

«Кубанычбек Жумалиевден 160 миӊ доллар пара алган кызматкер, Сыймык Жапыкеевдин кишиси болуп чыкты.

Жаз айларында кухнясында отуруп алып сүйлөгөн Сыймык Жапыкеев Кыргызстандагы ууру-чинвониктерди кустурам деп элдин колдоосуна алынган. Ал, Кубанычбек Жумалиевдин миллиарддаган байлыгы бар экенин айтып чыккан.

Убакыт өтүп, Кыргызстанда бийлик алмашып, экономикалык кылмыштар боюнча полициясынын жетекчиси болуп Сыймык Жапыкеев келип калды. Мурда үмүт кылып жаткан элдер, «Жапыкеев келди, эми миллардаган акчалар казынага кайтарылат» деп күтүп жатышкан. Тилекке каршы Сыймык Жапыкеев элдин үмүтүн актаган жок. «Элдин уулу» деп ишенип алгандар Жапыкеевди куттуктап, кубанып кабинетине чейин барса, «антип келбегилечи, китайский калпагыӊарды көтөрүп алып» деп аларды кууп салды.

Мындай адамгерчилиги жок эле окшойт деп жатсак, Жапыкеев жеткен коррупционердин дал өзү болуп чыкты. Анда эмесе, анын сүйлөгөн сөзү менен кылган иши дал келбей жатканын белгилейбиз:

Тайырбек Сарпашевдин 500 менчик жерин мамлекетке кайтардык деп айтты. Көрсө, ал 500 гектар жер Токтогул районунун тоолорундагы жайыттар, эл барбаган жерлер экен. Аны деле убагында арендага алып пайдаланып келишкен. Мындан башка Жапыкеев бетине карманып мактана турган эч нерсе кылган жок. «Жакында кыйратабыз» деп бакылдагандан башка.

21-декабрда Кубанычбек Жумалиевдин кылмыш ишин жаап берүү үчүн 160 000 доллар пара сураган Финполдун кызматкери ИИМ тарабынан кармалды. 1996-жылы туулган кызматкер өз алдынча Жумалиевдин кылмыш ишин жабуу үчүн 160 миӊ доллар алышына ким ишенет?

Көрсө, ал Сыймык Жапыкеевдин кишиси экен. Жапыкеевдин атынан барып акча алып жаткан жеринен кармалып, камакка алынды.

Жапыкеев болсо жакын көргөн досторуна, «мен 3 миллион доллар чогултуп койдум, дагы 2 миллион топтосом Кыргызстандан кетем» деп мактанып айтып жүрүптүр.

Анын бул сөзүн жакындагы өзүнүн аракети дагы тастыктайт. Убагында арендага алып сүйлөп жүргөн квартирасын, «квартираны сатып алып коеюн десем, хозяини сатпай койду», - деп айтты.

Квартираны сатып ала турган акчаны кайдан тапты? Эмнеге убагында ал квартираны сатып алган эмес. Демек, акчасы көбөйүп, көзүнө көрүнгөндү сатып алып баштаптыр да?

Баса, аялынын туулган күнүнө 80 миӊ долларлык жол тандабас белек кылганы дагы элдин кыжырын келтирди. Мындай болсо Жапыкеев жыргатпай эле, коррупционерлердин канын өзү соруп, өзү байып отура берет окшойт?», - деп жазылган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости