www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз кинематографисттери тарткан "Курманжан датка" фильмине баа бергени кабарланган. Жакында коңшу өлкөнүн президенти жергиликтүү телеканалдарга тарыхый тасмаларды тартууну тапшырып, "Курманжан датка" тасмасын дагы бир жолу мисал кыла кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

--"Тиешелүү кызматтарга жана телеканалдарга тарыхый темаларга басым жасап, ошол жаатка ыктоону тапшырам. Ал үчүн каржы маселесин чечишибиз керек албетте. Биздин кыргыз боордошторубуз "Курманжан датка" тасмасы аркылуу көп каражат сарптабай эле сапаттуу тасма тартса болорун көрсөтүштү", - деген Токаев.

Бул маалыматтан кийин "Курманжан датка" тасмасынын режиссёру Садык Шер-Нияз өзүнүн пикирин айтып чыкты.

--"Тасманын тартылганына 7 жыл өтсө да мындай сөздөрдү угуу жагымдуу (болгондо да Казак элинин президентинен). Көптөгөн сценалар убакыттын тардыгынан ошондо фильмге батпай калды эле. Быйыл ошолорду кошуп сериал вариантын жасап элге сунуштап көрсөкпү деп да ойлоп кетем. Ансыз деле шайлоо деп жүрүп, 30 жылдык эгемен майрамыбызга бир тарыхый чоң тасма жөнүндө ойлоно албай калдык", - деди ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости