www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн президенттик шайлоодо тышкы күчтөрдүн, криминалдардын жана алдоо жолу менен алынган 17 млн доллардын аркасы менен Өмүрбек Бабанов абиси Атамбаев менен “жөжөнүн корозу” Сооронбай Жээнбековго баш ийбей экинчи орунда келген. Жээнбековду 3 пайыз кадыр-баркы менен Атамбаев колдоп жатат, эгер шайлоодо жеңип чыкпай калсам, анда башаламандык уюштурам деп, азыркы президентке талапкер Канат Исаевди баш кылып, элди тополоңго үндөй баштаган. Президенттик шайлоодо жеңишке жетише албай калган соң, анчы-мынча тополоңчулар камакка отуруп, Бабанов житип жок болгон. Ошол бойдон Кой—Таш Элдик Республикасы түзүлүп, Атамбаев камалып жаткан “бардак” убакта жетип келген.Бабанов эмнеге камалбай калды, бул үчүн “Азиямолл” супермаркетин садага чааптыр деген сөз эл ичин аралаган.   Көтани “Азаттыкка” берген маегинде Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орунбасары болуп турганда жердеши, “тезкасы” Бабановду камактан сактап калганын айтып, таластыктарча “өпкөсүн жерге  чааптыр”. Албетте, бул “сделка” бекер болгон эмес, ортого түшкөнү үчүн Көтани миллион доллар алганбы же андан көпбү азырынча тактала элек. Ошол эле “Азаттыкка” берген маегинде, менин колуман “пок” келген эмес деп, кайра өзүнө –өзү каршы чыккан.  Ал эми бийлик алмашкан соң Жээнбековду шыбап, бийликти Раим Матраимовдун колуна берип койгон деп “Азаттыкка” жагалданып чыккан.

Көтанинин бул сөзүнө каршы мурунку президенттикке талапкерлердин бири Турсунбек Акун чыккан. Ал азыр сындап жаткан Көтани мурунку президент Жээнбековдун жанында Ак үйдүн жетинчи кабатында бир жарым жыл олтурганын бекемдеген. Бирок анын оозунан бир да жолу анын Матраимовдор менен күрөшүп жатам деген сөз чыккан эмес. Эмне үчүн ал биле турган болсо иштеп жаткан учурда бир ооз кеп айткан эмес? Ал талкан сугунуп алгансып унчукпай акча алып, эми башаламандыктан пайдаланып өзүнө упай топтоп алыш үчүн жан кире баштадыбы? Башка киши мурунку президентти сындаса мейли, президент Жээнбековдун маңдайында отурган Көтанинин өзүн колдогондорду сындап турганы эки жүздүүлүгүн ачып койгон жокпу?

Көтанинин Коопсуздук Кеңешин (Совбез) азыркы президентке талапкер Бактыбек Калмаматов бийликтин оюнчугуна айланганы тууралуу баскан-турган жеринде айтып жатат. “Совбезде” сонун маселелер каралат, бирок эч бири аткарылбайт деп. Бир жарым жыл  “Совбезди” созолонтуп жүргөн Көтани башкаларды сындаганды коюп, ар кимге жалаа жапкан ушактарын таратканды коюп, “Совбездин” чыгарган сонун чечимдерин эмне үчүн элге жеткире аткарган жок, ошого жооп берсе болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости