www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жума ичинде автономерлерди фиксациялоо камералары бардык өткөрүү пункттарында ишке киргизилип, «Бириккен пост» тутумуна интеграцияланат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Чон Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барганда билдирди. 

«Түндүк» мамлекеттик ишканасына тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бир жума ичинде республиканын аймагындагы бардык өткөрүү пункттарында автономерлерди фиксациялоо камераларын ишке киргизүү маселесин чечүү тапшырмасы берилди. Бул жүк ташуучу унаа транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берет. Биздин аймагыбызга киргизилип жаткан ар бир товардын бирдиги эсепке алынмайынча, аткезчилик менен натыйжалуу күрөш болбойт», - деди ал. 

Көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагын кыдырып чыккан соң, Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу айрым кызматардын ишине сын-пикирин билдирди.

«Мен чек ара кызматынын маалыматы салык кызматынын маалыматынан айырмаланып чыгып жаткандыгына таң калган жерим жок. Жүк ташуучу транспорт салык кызматкерлерине жетпей калат, анткени мында кеңири өтүүчү жол бар. Жаңы эле биздин унаанын алдында бензовоз салык текшерүүсүнөн кыйгап өттү. Ушул жерге жүк ташуучу транспорт үчүн тыюу салуучу белги коюп, номерлерди эсепке алуу тутумун орнотуп койсо эмнеге болбосун. Жүк ташуучу унаалар биздин посттордон кыйгап өтүп, биз ага эч кандай көңүл бурбасак, биздин кылып жаткан ишибиздин эч кандай натыйжасы бобойт», - деп белгиледи  Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.


 

Артем Новиков кыска мөөнөттө автономерлерди фиксациялоо тутумун орнотуп, өтүүчү жолдун жазылыгын кыскартып, «Бириккен постту» кыйгап өтпөшү үчүн жүк ташуучу транспортко тыюу салуучу жол белгисин орнотууну тапшырды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости