www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Роза Отунбаева депутат Аида Салянованын сот ишине байланыштуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго атайын кайрылуу жасады. Кайрылуунун текстин Аида Салянованын тарапкерлери таратып жатышат.
Кайрылууда Саляновага карата тагылып жаткан айыптарды, сот процессинин жагдайларын объективдүү жана терең иликтөө зарылдыгы айтылган. “Принципиалдуулук, мыйзамдуулук жана акыйкат камсыз кылынса жүздөгөн судьяларга жол көрсөтүлөрү, аларга сот акыйкаттыгын бузбай иштөөгө мүмкүнчүлүк берилери” белгиленген.
Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата сот өкүмүн угузуу алдында турат. Ал юстиция министри болуп турганда мыйзам бузган деп соттолууда. Өзү муну саясий куугунтук деп атоодо.
Ал ортодо Аида Салянова Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцованын оозунан өкүмүн укканы даярданып турат.
Булак: NazarNews.kg