www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 24-мартта “Учкун” ачык акционердик коомуна барып, күйүүчү майды маркировкалоо, акциздик маркаларды жана паспортторду даярдоо боюнча өндүрүш процесси менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 2024-жылы киргизилген күйүүчү майды маркировкалоо системасына өзгөчө көңүл бурулганын билдирди. Бул механизм мамлекеттик бюджетке акциздик жыйымдардан түшүүлөрдүн олуттуу көбөйүшүнө, мунайзаттардын сапатына көзөмөлдү күчөтүүгө жана отундун көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө өбөлгө түздү.
Мындан тышкары, “Учкун” ААК өлкөнү паспорттук жана басма продукциялары менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 770 103 паспортту, анын ичинде 359 221 жалпы жарандык паспортту жана 410 882 ID-картаны чыгарган. Ошондой эле миллионго жакын нуска китеп басылып чыккан. Компаниянын салык төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 278 миллион сомдон ашты.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев биринчи этапта майда номиналдагы купюралар басып чыгарыларын, бул жүгүртүүдөн алынчу эскилиги жеткен банкнотторду тез арада алмаштырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Ал “Учкундун” базасында чыгарылган жаңы кыргыз сому жасалма акча жасоодон корголгон эң алдыңкы дүйнөлүк стандарттарына жооп берип, улуттук валютанын ишенимдүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларын айтты. Ошол эле учурда Мелис Тургунбаев буга чейин кыргыз сому Европа өлкөлөрүндө чыгарылып келгенин эске салды.
Андан соң президентке Кыргызстанда басылып чыккан улуттук валютанын алгачкы үлгүсү көрсөтүлдү.