www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентке талапкерге ишенүүгө болобу?

Президентти шайлоого саналуу убакыт калды. «Кара пиар» сүйкөө апогейине жетти, деги ким президент болот?

Арстан Алай – Быйыл да «Зима не будет» дей баштады, ишенсе болобу же дагы карапайым эл камы жок талаада калабы?

Равшан Жээнбеков – Равшан Жээнбековду АКШ Конгресси колдомок түгүл өз айласын таппай калды. Вашитнгтон да Бишкекти туурап башалмандыкта калды. Кайынатасы Алымбай Султановдун көздөй кудасы Атамбаев аны ойлобой камактан кантип чыгунун камын ойлоп калды.

Мыктыбек Арстанбек – Башын кесип алса да мусулмандыктан, шариат жолунан артка кете турган түрү жок, кокустан көзү ачык Арстан Алай эле эмчи катары эмдеп салбаса эле. Адал (халал) тамак сатып жүрүп байып алды дешет, балким ошол акчасын элге жумшаганы жаткандыр.

Абдил Сегизбаев –Кыргыздын еврейи Абдил Сегизбаев УКМКнын башында турганда ичип-жегендерин сиңире албастыгын түшүндү. Ошондуктан, Орто-Сай  айылында VIP –шаарчасындагы жайгашкан хансарайындагы унитаздардан өйдө чыгарып жүктөп качууга даярданып жатат.

Курсан Асанов –Үй-бүлөсү ичип-жеген 5 миллион долларлар калкып чыга баштады.

Бабур Тольбаев -Президентке талапкер Бабур Тольбаев шайлоочуларга кайрылып:

-Биздин милдет экономиканы төмөндөтүп, коррупцияны жогорулатуу…-дейт.

Кыргыз шайлоочулар: Кызык, кандайча  чындыкты айтып жиберди. Же шайлоо алдында  алдап атабы?

Өзбек шайлоочулар: Алмаштырып алды окшойт, улуу урматтуу катта президентке талапкер…

Канатбек Исаев – Энеси калмак болгондуктанбы кыргыз элине тиешелүү «Көк бөрү» федерациясын жетектей койом деп, элдин ишеничин алдап казак миллиардери Булат Утемуратовдон соң сумма акчага алданып «Көк парды» алдыга чыгарып, «Көк бөрүнү» басып берди. Чоң аталары Сарысейиттин калмак байбичеси Түлкүнүн Даркан деген саруудан келген аялын кетирип, жалгыз Тынайын алып калат. Энеси кетип баратып бешиктеги Тынайга эмчектеги сүтүн саап ыйлап кеткен экен. Кийин Солтобай ырчы Тынайдын Шабданына  айтып жатпайбы:

 Акыңды алгын жөө тынай,
Айдап койгон таруудан.
Энчиңди алгын, жөө тынай,
Энеңди алгын саруудан.-деп.

Садыр Жапаров –Президентти шайлоо компаниясында алдыда келатат. Ошондуктан, болуп турган сокку урулуп, «кара пиар» каалашынча сүйкөлүп турат. Бабановго окшогон элдин энчисин «ап» этип алышып, айласы жок шайлоодо жатып бергендер, сыртынан жылтырап колдомуш болгону менен, ичинен кара чаар жылан өлүп, анысы билинип калып, УКМКга чакыртыла баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости