www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттө кендин кору жөнүндө маалымат дагы, Жетим-Тоо кени боюнча дагы башка маалыматтар жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов маалымат жыйынында билдирди.

«Жетим-Тоону геологиялык чалгындоого лицензия жок. Демек, кордун так эсеби жок. Биринчиден, запастардын, чыгымдардын жалпы саны керек. Техникалык-экономикалык негиздемесин жана долбоорлорун түзүү зарыл.

Бул жерде эң аанилүүсү - кен мамлекеттин балансына өтөт. Мындай чоң кенди иштетүү үчүн электр энергиясынын запасы көзөмөлдөнүшү шарт. Ошондуктан, биз биринчи кезекте энергетика тармагын өнүктүрүп алуубуз абзел.

Ал эми Кытайдын тышкы карызын кен ишканасы тарабынан төлөгөндүгү жөнүндө маалымат бул - Садыр Жапаровдун жеке пикири болуп саналат», - деп баса белгиледи Максат Мамытканов.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 12-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп жатып, Кытайга болгон карызды «Жетим-Тоонун» чийки заты менен төлөө варианты талкууланып жаткандыгын айткан. «Жана дагы ушул вариант каралып жатат. Эгерде биз чийки зат берсек, жылына болжол менен 1 миллиард доллар төлөй алабыз», - деген ал ошондо.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости