www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Капаров: “Экс-президент макамы алынышы керек!”

Экс-президент макамы алынышы керек! Мындай пикирди жарандык активист Чынгыз Капаров айтты.

--“Конституциялык кеңешмеге сунуш берет элем. Роза Отнбаева менен Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы алынышы керек. Себеби өнүккөн мамлекеттерде экс деген макам жок. Таза, мамлекетке, элге жакшы иштесе эмнеге коркушат?  Мисалы, Роза Отунбаева экс деген макам алганга туура эмес. Ал мыйзамдуу президент болуп шайланган эмес. Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков дагы мөөнөтү бүтпөйүнчө экс макамды алганга болбойт. Себеби конституциянын 350-беренесинде “мөөнөтү бүткөндө экс макамды берүүгө болот” деп турат. Бирок Жээнбеков мөөнөтү бүткөнгө чейин эле президенттиктен кетти. Роза Отунбаева 120 миң пенсия алат экен. Ошону менен катар көптөгөн жеңилдиктер каралган. Больницага, тамактары жана юашкалары баары бекер. Кайтаруучуларына дагы айлык төлөнөт. Ошондой эле, үй-бүлөөсүнө дагы жеңилдиктер берилген. Булардын баарын эсептсек 1 миллион сомдон көп каражат сарпталып, мамлекетке чыгым келип жатат. Отунбаева кайсы эмгеги үчүн 9 жылдан бери элдин эсебинен жашап жатат? Биз ашынган бай мамлекет болсок бир жөн. Эгер уяты болсо арыз жазып коюшсун. Булар ушул жол менен гана элден алкыш алышат”,-дейт Капаров.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости