www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иманкулов:

Куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов, Нарынбек Молдобаев Ошто "Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан" аталышындагы концерт берип баштаган. Бирок, концерттин экинчи күнү куудулдар саясатты катуу сындаганы үчүн УКМКга чакырылган. Чуулгандуу бул концерт боюнча куудул Абдылда Иманкулов айрым маалымат булактарына төмөнкүлөрдү билдирди:

--"Ошто беш күн "Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан" аталышындагы концертибизди койдук. Экинчи күнү УКМК чакырып, “Концерттеги аткарган интермедиялар, бираз орой болуп калыптыр” деди. Анысын биз деле байкадык, бизден аша чапкандык болуп кетиптир. Өзүбүз деле өзгөртөлү деп жатканбыз. Эми жумуш ар кандай да, бирөө жакшы болсо, кийинки аткарган номериң начар болуп калат. Парламенттин жана өкмөттүн иши мындан дагы жаман. Биздин туура эмес ишибиз бир-эки адамдын абройуна шек келтирсе, жогору жактагылардын  кээ бир кабыл алган токтомдору, чечимдери мамлекеттин тагдырына балта чаап жатпайбы?!

7-8-январь күндөрү Жалал- Абадда концерт болушу керек эле, пандемия деп болбой калды. Бирок, президенттике талапкерлер эл менен чогулушун өткөрүп эле жатат. Керек болсо, айрым маданият үйүндөгүлөргө “ушулар келсе концертин койдуртпагыла”- деген буйрук берилиптир.

Бирок, президенттике талапкерлердин кимиси мамлекет башына келсе дагы, мен сындайм. Себеби, менин жумушум ошо, буга чейин деле саясат тууралуу сатираларды ойноп келгенбиз. А. Акаев, К. Бакиевдин убагында, жадагалса кечээги  С. Жээнбековдун убагында деле "Садага болойун, кара кулжалы"- деп сатира ойногонбуз. Мындай нерселер болуп эле келген, мындан кийин деле сатирабыздан түшпөйт. Керек болсо, биз мурун эле ойногон интермедиялар азыр кайталанып жатат. Саясатчылар  биздин жашоону түзүп берип жатпайбы. Азыркы учурда талаш- тартыш болуп жаткан парламенттик же президенттик башкаруу деп карапайым элдин дагы башын айландырып жаткан нерсени биз мурун эле чагылдырганбыз. А азыркы күндө актуалдуу болуп турат",-деди Иманкулов.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости