www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Републикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатураларга ЖМК менен иштөө форматын, атап айтканда, өзгөчө абал мезгилинде аларды аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунуштайт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Муну менен бирге, ооруп калгандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогору коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшүн суранабыз.

Ошону менен катар Республикалык штабдын, комендатуралардын жана тийиштүү мамлекеттик органдар өкүлдөрүнүн онлайн-брифингдери өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилейбиз.

Өзгөчө абал шартында кабыл алынып жаткан чаралар жана учурдагы кырдаал тууралуу ыкчам маалыматтарды берүүдө мамлекеттик түзүмдөрдүн ачыктыгын камсыздоочу бул багыттагы иштердин улантыла беришин кубаттайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости