www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аймактардагы акыркы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берип жатат.

Анда Ош шаарында жана жалпы облус боюнча сарымсак, картошканын баасы кымбаттап кеткени тууралуу суроо узатылып, ага төмөндөгүчө жооп берилди:

"Картошка менен сарымсактын кымбатташы учурдагы абалга байланыштуу эмес. Анткени жылда эле ушул маалда жаңы чыккан жашылчалардын баасы көтөрүлөт. Бир жагынан дыйкандар өз мээнеттерин чыгарып алуу үчүн дагы бааны жогорулатат. Ошондуктан мындай көрүнүш мезгилдин шартына байланыштуу. Ошол эле маалда мисалы, Араванда 5 сом турган сарымсак Ош шаарына келгенде баасы 15 сомго чыгат. Андыктан бул убактылуу көрүнүш", - дейт Узарбек Жылкыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости