www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.

Анда жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү беш маселе каралууда.

Жыйында депутат Жылдыз Мусабекова айыл-чарба иштерине тоскоолдуктар болуп жатканын айтып, айыл жерлердеги олутту маселелерди көтөрүп чыкты.

Депутат Ат-Башыда эки адамдан кара тумоо чыкты деп, жолдорду казып салышканын жана элдер керек болсо, өлүк көмгөнгө бара албай жатышканын айтты.

“Силердин жооп бергениңер бир жөн, жазаганыңар бир жөн болуп атат. Экинчиден өкмөткө эле кайрылып кетели, кээ бир постто тургандар “бөрк ал” десе, баш алганга даяр турушат. Азыр эл ансыз деле ачуулуу, жиндери мурдунун учунда турат. Өздөрү камакта жатса, зарыл иштери менен бир жакка чыкса, элди алдаш керек да. Кудайдын оозунан түшкөнсүп, дөбөөтөй болгон жигиттердин дагы мамилеси да начар болуп атат. Керек болсо жергиликтүү элдерди ур-токмокко алынган учурлар катталып жатат”,-деп депутат билдирди.

Өз кезегинде Кубатбек Боронов райондордо, айылдарда коюлган постторду, өкмөттүн эмес жергиликтүү бийликтин чыгарган чечими экенин билдирди. Ошондой эле, посттордо айыл-чарба иштеринде иштегендерге, медицина кызматкерлерине, азык-түлүк жана медициналык каражат ташыгандарга тоскоолдук болбошу керектигин эскертилгенин кошумчалады.

Ошондой эле, Жылдыз Мусабекова ар мамлекет өзгөчө кырдаалга даяр болуш керектигин айтып, бирок, биздин мамлекет эч нерсеге даяр эместигин көрсөткөнүн кошумчалады.

“Бет кап таба албай жатабыз. Андан кыйын кырдаал кесе эмне болот?”,-деп депутат Кубатбек Бороновго суроо узатты.

Кубатбек Боронов кыйын кырдаал келсе, мындан да кыйын болоорун айытты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости