www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Көзгө көрүнгөнгөн колго кармалган согуш менен күрөшүп жатабыз. Азыр биз айыл чарбасын көзөмөлгө алышыбыз керек. Эртең эле кылычын сурап кыш келе жатат. Элде карантин деп жолдорун казып, өлүк көмгөнгө бара албай жатышат. Блок –посттордо тургандардын көбү, бөрк ал десе баш алып жатат”, - деди бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биргелешкен отурумунда депутат Жылдыз Мусабекова.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ага жооп катары, “андай чечимдерди жергиликтүү бийлик колго алган. Аларга биз күнүнө сайрап айтып жатабыз. Ал тургай акимдер аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айылдык кеңештин чечими менен көзөмөл жүргүзүлүп жатат деди”,  - Кубатбек Боронов

Депутат Жылдыз Мусабекова, “Элде беткап жок, Кыргызстанга кыйын кырдаал келсе эмне болот” деген суроосуна, Кубатбек Боронов, “Кыргызстанга кыйын кырдаал келсе, кыйын эле болот”, - деп ачыгын айтты.  

Эске сала кетсек, бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: “Пландалган бюджетке карата салыктан 1,5 млрд. сом, бажыдан 3,8 млрд. сом казынага түшпөй калды. Учурда каатчылыктын кесепеттерин азайтуу, нарк саясатын көзөмөлдөө иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Муну менен катар ишкерлерди колдоо багытында атайын программа да иштелип чыкты. Өлкөдө жардамга муктаж 96 миң үй-бүлө катталса, 78 миң жаран расмий түрдө жумушсуз статусуна ээ. Бүгүнкү күндө 80 миңден ашуун үй-бүлөгөн мамлекеттик резервдин эсебинен жардам берилди. Ал эми Бишкектин айланасындагы жана Чүй облусунун аймагындагы расмий статусу жок жаңы конуштардын жөлөк пул албаган, учурда иши жок олтуруп калган тургундарына да 600 тонна ун жана 35 тонна кумшекер таратып берүү чечими кабыл алынды. Мындай жардамдар өзгөчө абал киргизилген башка район-шаарларда да жигердүү көрсөтүлүүдө”, – деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости