www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырганын Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечилердин маалыматына караганда, шайлоо мыйзамдары андан ары өркүндөтүүгө, анын ичинде шайлоо өтүүчү күндөр кайрадан тактоого муктаж.
Мисалы, президенттикке талапкерлердин күрөөсү 2 млн сомго чейин көтөрүү чарасы сунушталууда. Ошондой эле, шайлоо босогосун азыркы 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатуу зарыл.
Иштеп жаткан мыйзамда кезектеги Президентти шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөрү белгиленген, анткени Президенттин ыйгарым укуктары ошондо токтоп, Жогорку Кеӊеш шайлоо күнүнө 4 айдан кеч эмес убакыт калганда кезектеги шайлоо күнүн дайындайт. Ошондон улам, мыйзамдын 48-беренесиндеги «ноябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөздү «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөзгө алмаштыруу сунушталууда.
Демек, кезектеги президенттик шайлоо быйыл 19-ноябрда эмес, 15-октябрда өтүүгө тийиш.
Депутат Алмамбет Шыкмаматов шайлоо 15-октябрда өтө турган болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы 1-декабрга чейин шайлоо жол-жоболорун жыйынтыктап бүтүшү керектигин белгиледи.
БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо өткөн кийинки 20 күндө шайлоо жыйынтыгын чыгарууга мүмкүнчүлүк болорун билдирди.
Булак: «NazarNews.kg»