www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 10-январындагы кезексиз президенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участкалары ачылат. Бул тууралуу БШКнын жыйынында белгилүү болду.

Маалым болгондой, шайлоо участкалары 28 мамлекетте ачылат. Алардын көпчүлүгү Россияда (12 участок) ачылат.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Россия Федерациясында кошумча УШКлар пайда болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Чет жакта жашаган же шайлоо күнү республиканын чегинен тышкары жакта жүргөн кыргызстандыктар гана №2 форма боюнча добуш бере алышат деп белгиленген. №2 форма боюнча арыздар 29-декабрга чейин кабыл алынат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда №2 форма жокко чыгарылгандыгына байланыштуу шайлоочулар жашаган жери боюнча гана добуш бере алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости