www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоо күз мезгилине жылдырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров парламенттик шайлоо 2021-жылдын күз мезгилине жылдырылышы мүмкүн экенин айтты. Белгилей кетсек, эл өкүлү бүгүн мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп чыкты.

Ошондой эле Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, президенттик шайлоо менен кошо башкаруу системасын аныктоо референдуму өтө тургандыгын айтты. Андан кийин Конституциялык кеңешме ишин бүтүп калса, апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо жаңы Конституцияны кабыл алууга добуш берүү боло тургандыгын билдирди.

"Болбосо парламенттик шайлоого кошуп өткөрүшүбүз керек. Ал шайлоо май айында дайындалышы шарт. Анда сентябрь же октябрга барып такалып калат экен. Буга каражаттын баарын карадык", — деди Жапаров.

Учурда парламентте "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруу формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүүнү дайындоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости