www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык кеңешменин жыйынында пенсионер менен Конституциялык соттун мүчөсү Эдил Байсаловдун ортосунда чыр чыкты. Окуя "Конституциялык системанын негиздери" бөлүмүнүн отурумунда болгон.  

Негизги Мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштарын айтуу үчүн Нарын шаарынан келген пенсионер Шарабидин Эрмеков Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсаловду кошоматчы деп сындады. Анын пикиринде, элчинин Конституциянын жаңы редакциясына өзгөртүү киргизүүгө укугу жок.

«Байсалов, сен эмне үчүн бул жерде отурасың? Сен Жээнбековго кошоматтанып жүрүп элчилик кызматка келгенсиң. Эмне үчүн курултайга норма киргизүүгө каршы болуп жатасың?! Сен Текебаевдин адамысың, ошого бар!"- деп кыйкырык салган.

Конституциялык чогулуштун мүчөлөрү пенсионерден адамды жектөөдөн алыс болуусун суранышкан. Бирок, Эрмеков алардын сөзүн уккан эмес.

Кызыктуусу, Шарабидин Эрмеков коррупционер жана кылмышкерлердин өлүм жазасына тартылышы жөнүндө мыйзам киргизүүнү сунуштаган. Ошол учурда Эдил Байсалов пенсионерден Садыр Жапаров түрмөдөн адилеттүү түрдө бошотулганбы деп сураганда, ал суроону аягына чейин укпастан: "Биринчи кезекте сени атып салуу керек",- деп жооп берген. Ал дипломатка адепсиз сөздөрдү айта баштаганда, Элчи буга чыдай албай, Шарабидин Эрмековго орой жооп берген.

Эскерте кетсек, Шарабидин Эрмеков октябрь коогалаңында Өкмөт үйүнө басып кирүүгө аракет кылган адамдардын арасында болгон. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости