www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“24 kg” маалымат агенттиги 24-майга чейин “ушул жекшембиде президенттик шайлоо өтсө, кимге добуш берет элеңиз” деген суроо менен окурмандарга кайрылган. Болжолдуу талапкерлер катары Ө.Бабанов, С.Жээнбеков, Б.Төрөбаев, Ч.Турсунбеков, Т.Сариев, С.Исаков, Ө.Текебаев жана Э.Ибраимовалардын аттары коюлган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Ө.Бабанов ишенимдүү түрдө биринчи орунга чыгып, 25 пайыздык 1459 добушка ээ болгон. Эң акыркы орунда 3 пайыздык 226 добуш менен С.Исаков калган. Ал эми КСДПнын талапкери С.Жээнбеков мырза 8 пайыз менен 506 добуш алган. Ошондой эле Б.Төрөбаев 5 пайызды түзгөн 326 добуштун ээси болгон. Аял затынан талапкерлиги атала калып жүргөн Э.Ибраимова эжекебиз 10 пайыздык 579 добушка жетишкен.

Кыскасы, акыркы айлардагы социологиялык иликтөөлөр, “АКИпресс”, “24 kg” сыяктуу маалымат агенттиктери өткөргөн добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы менен Ө.Бабанов туруктуу түрдө биринчи орунду алууда.

“Калк айтса, калп айтпайт” дегендей, күздөгү президенттик шайлоодо “РАЖ” лидери Өмүрбек мырза жеңишке ээ болобу?

Булак: “Фабула”

Последние новости