www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдыдагы президенттик шайлоодо ID жана EID паспортторду таануучу айкаштырылган аппараттар колдонулат. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев шайлоого даярдык көрүү боюнча Ысык-Көл облусунда өткөн ведомстволук штабдын жыйынында билдирди.
Анын айтымында алдыдагы шайлоо биометриялык система менен өтүүчү алтынчы шайлоо. Айрым кемчиликтер дагы деле бар.
“Президенттик шайлоого чейин программанын айрым функциялары аягына чейин иштелип чыгат. Бирок жалпысынан чоң өзгөрүү болбойт. Жаңы паспортторду таануучу айкалыштырылган аппараттар алынат. Жаңы ридерлер жаңы жана эски паспортторду окуй алат”,-деди Догоев.
Дастан Догоев биометриялык маалыматтарын тапшыра электер тез арада тапшырыш үчүн жер жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Булак: "5news.kg"