www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке аттануу ниети жөнүндө БШКга билдирүү тапшырган 63 адамдын 11нин Кыргызтесттен өткөндүгү тууралуу сертификаты жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ушул талапкерлер сертификатты тапшырган эмес – Куттумидин Базаркулов, Анаркүл Араева, Тынчтык Акжолтоев, Юлия Лилиентал, Чыңгыз Капаров, Жээнбек Искендеров, Елена Клипачева, Жыпаркүл Тургуналиев, Султан Аджиматов, Мирлан Калыбеков жана Анар Зарипова.

Тесттен ийгиликтүү өткөндөрдүн толук тизмеси БШК тарабынан эртең, 19-ноябрда жарыяланат. Бүгүн БШКга берилген арызга жетишпеген документтерди алып келүү мүмкүн болгон акыркы күн.

Андан тышкары, арыз ээлери 3-декабрга чейин кол топтоп, БШКга тизмесин тапшырып, 3-декабрга чейин 1 миллион сом күрөө төлөшү керек.

Алгач БШКга президенттикке талапкерлигин коюу үчүн 65 адам билдирүү берген. Кийинчерээк экөө: Бакыт Бакетаев жана Жыпаркүл Тургуналиев арыздарын кайтарып алышты.

Ошондой эле, БШК талапкерлерди 14-декабрга чейин каттайт. Катталгандан кийин эки календардык күндүн ичинде талапкер тиешелүү күбөлүктү алат. Эгерде ага каттоодон баш тартылса, анда БШК чечим кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде талапкерге бул жөнүндө билдирүү керек.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин нааразылык митинги өтүп, анын натыйжасы бийликтин алмашуусуна алып келген. Ошентип 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого катышуу ниетин 63 жаран билдирди. Алардын арасында 6-октябрдан кийинки бийлик алмашууда президенттин милдетин аткарып туруп, шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда кызматын өткөрүп берген Садыр Жапаров да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости