www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан иштелип чыккан Конституциянын долбоору коомчулук менен эксперттердин пикирин эске алуу менен толукталып иштелип чыгат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов билдирди.
Анын айтымында, коомдук талкууга жаңы башкаруу системасын сунуштаган Баш мыйзамдын баштапкы варианты чыгарылган.
Нургазы Анаркулов билдиргендей, Конституциянын акыркы вариантына талкуу учурунда айтылган сунуштар киргизилет.
“Өлкөдөгү социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн бир адам, тагыраагы мамлекет башчы жооптуу болушу керектигин убакыт көрсөттү. Мурда эч ким эч нерсе үчүн жооп берген эмес, башаламан система иштеген. Башаламандыктан тажаган эл өзгөрүүнү талап кылууда. Мындан мурда бардык чечимдер бир жерде кабыл алынып, кыйын кырдаалдарда бардык “айып” ал чечимдерди аткарган премьер-министрге тагылчу. Ошондуктан турмуш, мамлекеттик башкаруу системасында жаңы жолдорду табуу керектигин көрсөтүүдө”, – дейт Анаркулов.
Булак: NazarNews.kg