www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркумдун жакындары Россиянын Президенти Владимир Путинге өлүмгө алып келген кырсык үчүн жазасын өтөп жаткан актер Михаил Ефремовго ырайым кылуу өтүнүчү менен кайрылганы жатышат. Бул тууралуу актердун адвокаты Андрей Алешкин билдирди.
Анын айтымында, жабырлануучулар тарап Ефремовго азыр эч кандай дооматы жок болгону үчүн элдешүү макулдаштыгын түзүштү.
"Бул чындыгында маанилүү окуя: мурун тараптар агрессивдүү маанайда болушкан, эми биз кол алышып макулдаштык", - деди адвокат. Актер кылмышта күнөөсүн мойнуна алып, өкүм күчүнө киргендиктен, Ефремовдун ырайым алууга мыйзамдуу негиздери бар экендиги айтылды.
Эске салсак, Ефремов 8-июнда адам өмүрүн алган жол кырсыгы үчүн 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал алкоголдук мас абалында жол тандабас унаасын айдап келе жатып, каршы тилкеге чыгып кетип, унаа менен кагышып, айдоочусу Сергей Захаров кырсыктан улам каза болгон.
Булак: NazarNews.kg