www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 14-ноябрь, саат 23:59гө карата жалпы 65 жаран документин тапшырды. Алардын ичинен Бакыт Бакетаев менен Жыпаркул Тургуналиев арыздарын кайра кайтарып алды.

Ушуну менен Боршайкомдо 63 адамдын документи калды. Алардын 62си президенттикке талапкерлигин өзүн-өзү көрсөттү, бир адам саясий партиянын атынан сунуш кылынды. Шайлоого талапкер болуп катышуу тууралуу ниетин билдиргендердин сегизи аял, 55и эркек.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бергендердин тизмеси:

1. Адахан Мадумаров;

2. Арстанбек Абдылдаев;

3. Кубан Чороев;

4. Назарбек Нышанов;

5. Бектур Асанов;

6. Канатбек Исаев;

7. Абдыкаар Сыдыков;

8. Сазыкбай Турдумалиев;

9. Нурлан Мотуев;

10. Рашид Тагаев;

11. Жеңишбек Байгуттиев;

12. Клара Сооронкулова;

13. Аймен Касенов;

14. Азамат Эсенбеков;

15. Кубанычбек Кадыров;

16. Элеонора Турдубекова;

17. Садык Шер-Нияз;

18. Үрүстөм Кабылбеков;

19. Илгиз Товкеев;

20. Бактыбек Калмаматов;

21. Жамбылбек Камчиев;

22. Мыктыбек Арстанбек;

23. Токтайым Уметалиева;

24. Арсланбек Малиев;

25. Медер Болгомбаев;

26. Анар Зарипова;

27. Куттумидин Базаркулов;

28. Бакыт Романов;

29. Турсунбек Жумабеков;

30. Имамидин Ташов;

31. Эрбол Токтогулов;

32. Карагач Исмаилова;

33. Марат Кайыпов;

34. Турсунбай Бакир уулу;

35. Курсан Асанов;

36. Темирлан Ормуков;

37. Каныбек Иманалиев;

38. Орозобек Мадинов;

39. Анаркүл Араева;

40. Акжолтой Тукунов;

41. Равшан Жээнбеков;

42. Тынчтык Акжолтоев;

43. Айбек Эркетаев;

44. Санжарбек Энназаров;

45. Юлия Лилиенталь;

46. Чыңгыз Капаров;

47. Жаныбек Сүйүналиев;

48. Жээнбек Искендеров;

49. Кубанычбек Исабеков;

50. Базарбай Темишов;

51. Бакытбек Жумагулов;

52. Бакыт Керимбеков;

53. Елена Клипачева;

54. Элдар Абакиров;

55. Улукбек Кочкоров;

56. Кубанычбек Токтосунов;

57. Адилет Маматов;

58. Султан Ажиматов;

59. Бабыржан Төлбаев;

60. Абдил Сегизбаев;

61. Мирлан Калыбеков;

62. Саматбек Ибраев;

63. Садыр Жапаров. 

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон калк 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Буга байланыштуу ал кездеги өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров аткарып калган, бирок, ал президенттикке талапкерлигин койгону үчүн кызматын, кечээ, 14-ноябрда тапшырып берди.

Мыйзам боюнча парламент спикери Талант Мамытов президенттин милдетин убактылуу аткарып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости