www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда өлкөнүн жарандары үчүн пенсиянын өлчөмү кескин көбөйгөндүгү тууралуу тарап жаткан маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү расмий түрдө төгүндөдү.

Эске салсак, социалдык тармактарда Садыр Жапаров 2020-жылдын 1-декабрынан тартып пенсияны 65 пайызга — 5723 сомдон 9 443 сомго көтөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койгону жөнүндө маалымат таркатылган.

Бирок, Президенттик аппараттын айтымына караганда бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган болуп саналат. Алардын айтымына караганда, үстүбүздөгү жылы Социалдык фонд пенсияны 7 пайызга көтөрүүнү пландап жатат жана бул максаттар үчүн бюджеттен 3 миллиард сом өлчөмүндө каражат талап кылынат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости