www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө бюджеттен жалпысынан 137 миллион 290 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу 25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Бул сумманы бекитүү тууралуу чечим кабыл алынганын жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу эң зарыл гана керектөөлөр кирген.
Мекеменин маалыматына караганда, бул акча 2475, анын ичинде чет өлкөлөрдө ачылган 45 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин уюштурууга, биометрикалык жабдыктарды, компьютердик техниканы, автоматтык урналарды, бюллетендерди жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук каражаттарын жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдарга жумшалат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 3 миллион 544 миң шайлоочу каттоодо турат. 2017-жылдагы президенттик шайлоодон бери бул сан дээрлик жарым миллионго – 518 миңге көбөйдү.
Белгилей кетсек, участкалык комиссия мүчөлөрүнүн жалпы саны 31 миң 150, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 650 адамды түзөт. Операторлор 1987, техникалык колдоо тобу 600 адам.
Бекитилген суммага бул кызматкерлерден тышкары эки миңге жакын идентификация операторунун жана 4,5 миңдей милиция кызматкеринин шайлоо күнкү тамактануусуна каралган акча да кирет.
Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген. Кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берген президенттин ордуна жаңы башчыны шайлоо 10-январга белгиленген.
Булак: NazarNews.kg