www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эквадордун президенти Гильермо Лассо президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсионун өлтүрүлүшүнө байланыштуу 60 күндүк өзгөчө абал жарыялады. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-августта билдирди.

«Мен 60 күнгө өзгөчө абал жарыялайм. Мындан ары жарандардын коопсуздугун, өлкөнүн бейпилдигин жана эркин жана демократиялык шайлоону кепилдөө үчүн өлкөнүн бардык аймактарында куралдуу күчтөр мобилизацияланууда”,-деди ал элге кайрылуусунда.

Вильявисенсионун атып өлтүрүлгөнү 9-августта белгилүү болгон. Саясатчыга Кито шаарындагы митингде башына үч жолу ок атылган. 

Кийинчерээк коопсуздук күчтөрү Фернандо Вильявисенсионун өлүмүнө шектүүнү кармаганы белгилүү болгон.

Шектүү коопсуздук кызматкерлери тарабынан атышууда жарадар болгон. Ал оор жаракаттары менен прокуратуранын Оор кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнө жеткирилген. Кийин алган жараатынан улам каза болгон.

Эквадордо президенттик шайлоо 20-августка белгиленген.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости