www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйылкы жылы кыргыз эли өзүнүн мамлекет башчысын тандап алат. Президенттикке талапкерин кантип тандап алат элдин өз эрки. Бирок каалайык калк бүгүнкү 1000 сом үчүн бүтүндөй келечегин сатып жиберүүдө.
Кыргыз эли деле эми ойлоноор. Бүгүн ачуу чындыкты Мурат Жетимишбаев, “Калкты сатып алаарга, капчыгы толду акчага. Жеткир эми батыраак Ажо деген тактыга” деген ачуу пикирин жайылтты.
Ошентип жакын арада ар ким өзүнүн лидерин мактап –жактап жатып калат. Ал тургай Ош шаарында Кыргызстанга таанымал, учурда бийликте турган президенттикке талапкерге жаштарга, "Фейсбуктан “нравится” баскыла", деген буйрук бериптир.
Мына кызык тамаша, Кыргызстандын келечеги менен адамдын тагдыры “Like” менен “нравится” аркылуу чечилип калса анда аман эле болгула. Бул тууралуу жакында ачыкка чыгарабыз.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Үгүт иштери 10-сентябрда ырчы-чоорчулар жана салюттар менен башталып, 14-октябрда аяктайт.
Булак: NazarNews.kg