www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленери күтүлүүдө. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирген.
Анын айтымында, Жогорку Кеңеш шайлоону 24-сентябрда дайындоо маселесин карашы мүмкүн. БШКнын алдын ала планы боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери 22–23-декабрда башталат.
Президенттикке талапкер 35 жаштан кем эмес, мамлекеттик тилди билген, чет өлкөнүн жарандыгы жок жана Кыргызстанда кеминде 15 жыл жашаган жаран болушу керек.
Мындан тышкары, жаңы талапка ылайык, жоюлган соттуулугу бар же кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган жаран президенттикке талапкер боло албайт.
Талапкерлер кеминде 30 миң кол топтошу керек. Ошондой эле кол топтоонун электрондук формасы киргизилет.
Жарандар талапкерлерди «Түндүк» аркылуу электрондук кол тамга менен колдой алышат.
Шайлоо күрөөсүнүн ордуна 1 млн сом өлчөмүндө кайтарылбаган шайлоо төлөмү киргизилген.
Бул каражат талапкер утса да, утулса да мамлекеттик бюджетке түшөт.
Шайлоодо аралыктан добуш берүү да колдонулары күтүлүүдө. Чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участкаларын ачуу боюнча иштер да жүргүзүлөт.
БШКнын маалыматына караганда, президенттик шайлоодо шайлоочулардын катышуусунун минималдуу чеги жок.