www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу электрондук форматка өткөрүлөт.
Бүгүн, 23-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кол топтоо тартибин жана «Кол чогултуу» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ишин жөнгө салган жоболор бекитилди.
Жаңы тартипке ылайык, шайлоочулардын колдору «Кол чогултуу» маалыматтык тутуму аркылуу «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын жардамы менен чогултулат.
Шайлоочунун инсандыгы «Түндүк» аркылуу электрондук түрдө ырасталат. Андан кийин ал өзү тандаган президенттикке талапкерди колдой турганын билдире алат. Колдоо көрсөтүлгөндөн кийин тиешелүү маалыматтар, анын ичинде кол коюлган күн жана убакыт тутумга автоматтык түрдө катталат.
БШКнын маалыматына ылайык, электрондук форматка өтүү колдорду чогултуу жана эсепке алуу процессин автоматташтырууга, кагаз документтерди азайтууга жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле талапкерлер чогултулган колдордун саны тууралуу маалыматты ыкчам алып, процесстин ачыктыгын камсыз кылууга шарт түзүлөт.

Последние новости