www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна быйыл 37 жыл, СССР урап, өз алдыбызча эгемендүү өлкө болгонубузга 35 жыл толду. Мына андан бери кыргыз тилин заман талабына ылайык өнүктүрүп, аны билимдин, илимдин, мамлекеттик башкаруунун жана жаңы технологиялардын тилине айландыруу аракети солгун жүрүп, кыргыз тили дагы деле там-туң баскан баладай болуп чындап мамлекеттик тилдин деңгээлинде күч-кубатка толбой келет.

Негизи бир күндү мамлекеттик тил күнү катары белгилеп, башка улутттун өкүлдөрүн ал күнү ырдатып, майрамдап койгондон кыргыз тили өнүгүп, өөрчүп, канат-бутагы жайылып кетпейт. Ал үчүн системалуу, мекенчил сезим менен ыраатуу иш алып баруу милдет. 

Кыргыз тили – Кыргыз Республикасындагы жарандардын орток тили катары күнүмдүк турмушубузда, мамлекеттик жыйындарда, иш кагаздарда, документациянын бардык түрлөрүндө кеңири колдонулушу керек.

Тил – бул биздин улуттук биримдиктин жана мамлекеттүүлүктүн негизги ыйык баалуулугу катары башкы орунда турууга тийиш. Аны заман талабына ылайык өнүктүрүп кадырлоо, баарыбыздын жоопкерчилигибиз экенин жашы-карыбыз жакшы туюп, өзгөчө өлкө жетекчилери үлгү болушу парз. 

Ачык айтканда, бир күн менен чектелип, эртеси кыргыз тилине көңүл кош кайдыгер караган адаттан арылышыбыз кажет. Бир күн менен өлчөнгөн майрамдык маанай кадыр-барк алып келбейт. Ушунун өзү трагедия. 

Мамлекеттик иш кагаздарында бир гана кыргыз тили колдонулуп, жыйындар бир гана кыргыз тилинде болуш керек. Өтө зарыл, сейрек учурда гана орус тилине кайрылуу абзел. Расмий тил деген кыргыз тилин бууп-матап турган тушамышты чечүү керек. Убакыт күтпөйт. 

Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүк жок, шарт түзүш керек деген тарпы чыгып калган шылтоо суу кечпейт. Болгону кыргыз тилин колдонууга муктаждык жаратыш керек. Муктаждык бар жерде, ар ким өзү үйрөнөт. Артынан кууп, үйрөнчү деген болбойт. Мына англис, учурда кытай тилин акчанын көзүнө карабай курсттарды окуп үйрөнүп жатышат. Демек, муктаждык бар. Ал үчүн мамлекеттик кызматтарга, жөнөкөй кызматкерден тартып жооптуу жетекчилик орундарга бир гана кыргыз тилин билген адистер кабыл алынат деген талапты киргизүү зарыл. Ошол талап кыйшаюсуз аткарылышы милдет. Ансыз, жылына бир жолу айрым улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде бир ыр ырдап койгонуна курсант болуп жүрө беребиз. Андан кыргыз тили эзели өнүгүп кетпейт. Ток этери ушундай.

Алмазбек Темирбек

Последние новости