www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердеги бир катар депутаттык мандаттар боюнча өзгөртүүлөрдү бекитти.

Бүгүн, 23-сентябрда өткөн жыйында БШК Кара-Суу, Токтогул, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү чечимдерин жактырды.

Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинде депутат Бахтияр Асановдун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Майсалбек Жолдошевге берилди.

Манас айылдык кеңешинде Лолахан Нишанованын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын ордуна Ойбек Расулахунов келди.
Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңешинде Дайыр Балпыков менен Талгат Аманкуловдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Бошогон мандаттар Жетиген Исаков менен Уланбек Бучуковго өткөрүлүп берилди.
Ошондой эле Кайыңды шаардык кеңешиндеги бош мандат «Ынтымак» саясий партиясынан Ирина Сердюкке, Панфилов районунун Курама айылдык кеңешиндеги мандат Наргиза Бейшенкуловага берилди.

Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинде Жаныбек Турдуевдин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулуп, бош мандат Гүлжан Токтосуновага өткөрүлдү.
Бош мандаттар шайлоочулардын добуштарынын саны боюнча кийинки орунда турган талапкерлерге берилди.

Последние новости