www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 11 миңге жакын чет өлкөлүк жаран амнистиянын алкагында өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетти.
Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында билдирди.
Анын маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 500-600дөй чет өлкөлүк жаран бар. Аларды аныктоо жана өлкөдөн чыгаруу боюнча иштер Ички иштер министрлиги менен биргеликте улантылууда.
Ошондой эле 2025-жылы чет өлкөлүк жарандардан алынган 5 миң сом өлчөмүндөгү кошумча жыйымдан 250 млн сомго жакын каражат түшкөнү айтылды.
Бул каражат мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгарууга байланышкан иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМге берилген.
Миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанга кайра кирүүгө чектөө коюлуп, алар «кара тизмеге» киргизилери белгиленди.