www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана анын каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти.
Бул тууралуу чечим БШКнын 23-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.
Бекитилген жобого ылайык, президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран жана талапкерди көрсөткөн саясий партия шайлоо фондун түзөт. Ошондой эле банк мекемелеринде атайын эсеп ачуу жана фонддун каражаттарынан шайлоо төгүмүн төлөө тартиби белгиленет.
Мындан тышкары, шайлоо фондуна каражаттарды түшүрүүнүн булактары жана чектери, төлөмдөрдү жүргүзүү, кайрымдуулук кылуучуларды идентификациялоо жана каражаттарды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө талаптары жөнгө салынат.
Жободо талапкерлердин финансылык отчеттуулугун жүргүзүү жана тапшыруу тартиби да каралган.