www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып салууну колдогон Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири, Атамбаевге колдоо ирээтинде №47 колонияга жылкынын этин алып келген. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Vesti.kg басылмасыне берген маегинде билдирди.

Бирок, депутат ал саясатчынын атын атаган эмес. Анын айтымында, Атамбаев депутат колдоосун кеч көрсөткөнү үчүн белегинен баш тарткан.

«Жакында эле депутаттардын бири, президенттикке ат салышууга аракет кылган адам №47 колонияга Алмазбек Атамбаевге жылкынын этин алып келип берди. Атамбаев бул  кимден экенин билгенден кийин этти кабыл албай, аны жанындагы адамдарга таратууну айткан.

Чын-чынына келгенеде, ал Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу үчүн добуш берген. Ал Атамбаевге колдоосун аябай кеч көрсөттү», – деди Карамушкина.

Белгилей кетсек, учурдагы ЖКнын чакырылышынын үч гана депутаты президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырышкан. Алар: «Кыргызстан» фракциясынан Канат Исаев, «Ата Мекен» фракциясынан Каныбек Иманалиев жана Садык Шер-Нияз, алардын экөө президенттикке талапкер болду.

Ал эм Садык Шер-Нияз шайлоого катышуудан баш тартып, Садыр Жапаровду колдой турганын айткан.

Эскерте кетсек, 12-октябрда депутат Садык Шер-Нияз Өмүрбек Текебаевге өткөрүп берүү шарты менен мандатын тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости