www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер, ИИМдин мурадагы орун басары Курсан Асанов үй камагында калтырылды. Бул тууралуу кечээ, 15-декабрда белгилүү болгонун анын жактоочусу билдирди.

Анын айтымында, Асанов үй камагынан чыкмайынча Бишкек шаарынан чыгып, өлкөнүн аймактарында үгүт иштерин жүргүзө албайт.

Белгилей кетсек, Асановго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Үй камагына алуу боюнча профилактикалык чарасы бар, ага ылайык, ал Бишкектен чыгып кете албайт, ошондой эле кечки саат 11ге чейин үйүнө болуп калуусу керек.

Курсан Асанов сот чечимине каршы арызданмакчы. Отурум эртең, 16-декабрда, Бишкек шаардык сотунда дайындалды.

Эске сала кетсек, кечээ мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо өнөктүгү башталды, ага 18 талапкер катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости