www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаевдин соттук иши боюнча

Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча соттук териштирүү 25-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу кечээ, 15-декабрда акын Темирлан Ормуков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Бишкек шаардык сотто Текебаевдин мандаты боюнча апелляциялык иш 25-декабрга жылдырылды.
Мен өтүнүч келтирип жылдырттым. Себеби жактоочум жок, өзүм ооруканада элем», - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган.

Эске салсак, БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча соттун чечиминин үстүнөн кийинки инстанцияга кайрылуу үчүн юристтер иштеп жатканын айткан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости