www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кызматына киришкенине 5 жыл толду.
Бул аралыкта өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жол-транспорт тармагына казынадан каралган каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу жүзөгө ашып жатат.
Акыркы 5 жылда асфальтталган жолдордун көрсөткүчү:
2021-жыл 175 км;
2022-жыл 488,4 км;
2023-жыл 673,8 км:
2024-жыл 802 км;
2025-жыл 1545 км.
Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери КРдин Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2022-2024-жылдар аралыгында 750 атайын техника сатып алынган. Аларга самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, экскаватор жана башкалар кирет. Жол-транспорт тармагындагы жогорку көрсөткүчтөр техникалык базанын толукталышы менен жетишилип жатат. Алынган техникалардын саны артып, аймактарга бөлүнүп берилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.