www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешинин жыйыны өттү. 

Кеңешти Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алып барды. Жыйынга Кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Жыйында майыптыгы бар балдарга карата жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, майыптыктын алдын алуу чаралары тууралуу (скрининг ыкмасын жайылтуу жана жайылтуудагы көйгөйлөр), өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү жаатындагы баяндамалар угулду. 

Мындан тышкары Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга психо-физикалык өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар адамдарды психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоону уюштуруу шарттарын түзүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорунун презентациясы көрсөтүлүп, талкууланды. 

“Бүгүнкү жыйыныбыз өзгөчө мааниге ээ, анткени биз өлкөбүздөгү эң курч жана келечекке багытталган маселелердин бири – өзгөчө муктаждыктары бар балдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоо сапатын жогорулатуу тууралуу сөз кылып жатабыз. Менталдык өзгөчөлүктөрү бар балдардын өз убагында диагностикадан өтүүсү, адистештирилген жардам алуусу жана коомго толук кандуу интеграцияланышы – бул жөн гана социалдык кызмат эмес, бул ар бир баланын келечегине карата мамлекеттик жоопкерчилик. Бул багытта комплекстүү мамиле, ведомстволор аралык тыгыз кызматташтык жана эң башкысы региондордо бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү талап кылынат”, – деди МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов. 

Жыйындын жыйынтыгында сунуштар иштелип чыгып, бул багыттагы мамлекеттик саясатты мындан ары өркүндөтүү боюнча кийинки кадамдар аныкталды.

Последние новости