www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик администрациянын имаратынын курулушуна байланыштуу президенттин иш башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет: КР президентинин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун ата-мекендик «TS Group» компаниясы жүргүзөт.

Азыркы учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө. Эгер 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт.

Белгилей кетсек, 16 гектар жерге шаардын азыркы планында - интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат», - деп жазылган. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде президенттик администрациянын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости