www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Алмазбек Атамбаев Россияга жасаган сапарынын алкагында 21-июнда Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда ар кыл маселелер көтөрүлдү. Катышуучулардын бири ЖКда ишкерлердин санын азайтууну сунуштады.

“ЖКда ишкерлердин көптүгүнүн себеби бар. Тилекке каршы, мыйзам менен муну чечүүгө болбойт. Мыйзам кандай болсо дагы ошол эле ишкер, ал жакка мугалим, илимий кызматкер катары келиши мүмкүн. Себеби эмнеде болду? Мурда ишкер депутат болбосо, жашамак эмес. Бирок, эми ууру болуп туруп, парламентке келсе да, жазадан кутула албастыгын баары түшүнүп калышты. Бул биринчиден. Экинчиден, учурда ишкерлерге карата башкача мамиле түзүлгөн. Башта ишкерлерди Салык кызматы, Каржы полициясы, милиция, УКМК, прокуратура жана ким кааласа ошол текшере берчү. Ошондуктан алар парламентке келишкен. Ушул жылдан баштап ишкерлерди Салык кызматы текшерет, ал эми алардын күчү жетпесе, Каржы полициясы текшерет”, — деди А.Атамбаев.

Ошондой эле мамлекет башчы мыйзамга кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, 2020-жылдан тарта парламенттик шайлоо босогосу 9%га чейин өсөрүн белгиледи. “Башка дагы катуу критерийлер кабыл алынды.

Тилекке каршы, учурда КСДПда гана мугалимдер, илимий кызматкерлер, журналисттер бар. Алардын аты-жөнүн атап бере алам. 2020-жылдан баштап бардык партиялардын мындай тизмеси болот. Бул маселени биз ушинтип чечтик. Партиялар жөнүндө мыйзамды карап чыгып, биринчи кезекте партиялардын аталыштарынан баштоо керек.

Балким, партиялардын аталыштарында кыргыздын Манас, ата мекен, ата-журт деген ыйык сөздөрүн колдонуунун кажети жок чыгаар”, — деди ал. Президенттин мындай сөзү туура. Айрым партиялар ата мекенибиздин аталышын алып жүрүп да мародерчулукка шектелсе, айрым партиянын лидерлери канкор, качкын ажолор менен тымызын кызматташып, Кыргызстаныбызга баш-аламандык салуу аракетин далай ирет көрүштү.

Андыктан, мамлекет башчысынын демилгесин колдоп, ата мекен, ата журт, Манас деген сөздөрдү колдонуп жүргөн партияларды теске салууга мезгил бышып жетилгендей…

Булак: "Фокус"

Последние новости